11 ноябрь 2023
Кароолор: (23)
БАРПЫ АЛЫКУЛОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ДРАМА ТЕАТРЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
10-ноябрда Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын 30 жылдык маарекеси белгиленди. Иш-чарага Маданиятминистринин орун басары Айнура Аскарова, Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, маданият кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Иш-чара театрдын чыгармачылык тобу тарабынан Барпы Алыкуловдун өмүр-чыгармачылыгына, көркөм бейнесине арналган спектакль менен башталды.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар чыгармачыл инсандар Маданият министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин Ардак грамоталары жана атайын төш белгилер менен сыйланышты.
30 жылдык маарекенин жүрүшү Барпы апыздын ырларын жаңыртуу менен коштолду.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театры 30 жыл ичинде ондогон спектаклдери менен элге жагып, эл аралык да бир катар фестивалдарда байгелүү орундарды ээлеген.
Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры, 1955-жылы Өзгөн театрынын базасында түзүлүп, 1994-жылы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры статусун алган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз