Аукциондор жана конкурстар
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ЖЕР РЕСУРСТАР БАШКАРМАЛЫГЫ МУНИЦИПАЛДЫК ЖЕР ТИЛКЕЛЕРДИ ИЖАРАГА БЕРҮҮ ҮЧҮН КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Жарыяланган датасы:
06.03.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы
Жалал-Абад шаарынын аймагынан 2025-жылдын 10-апрелине муниципалдык
жер тилкелерди ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:
1-лот. Жалал-Абад шаарынын Н.Исанов жана Т.Балтагулов көчөлөрүнүн
кесилишинде жайгашкан 274,0 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги
курулуш курууга мүмкүн болбогон шартта, жашылдандыруу багытында
пайдаланууга 3 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы
айына 88 сом.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик
төлөм, 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Конкурс 2025-жылдын 10-апрелинде саат 14:00до Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң кеңешме залында өткөрүлөт.
Конкурска арыздар 2025-жылдын 8-апрелинде саат 16:00гө чейин кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар
башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Ж.Бакиев көчөсү No38, байланыш
телефону 2-10-35.