Аукциондор жана конкурстар

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

12.06.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын муниципалдык

кызматынын кадрлар резервине
киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт


Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:


-биринчи этап-документтерди кароо;
-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;
-үчүнчү этап-аңгемелешүү.

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Иш стажы:
1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү
кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Билими:
1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
-жогорку билими бар.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык
талаптар:
 Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз
Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кесиптик компетенттүүлүгү
1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
Турак жай жана коммерциялык эмес мүлктөр бөлүмүнүн башкы адис кызмат орунуна;
- Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодекси;
башкы адис-юрист кызмат орунуна;
 Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси:
 Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;
 Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодекси.

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

 конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
 кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)
 4х6 өлчөмүндө 1 даана сүрөт;
 резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
 өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
 нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган
документтердин көчүрмөлөрү;
 нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар
болсо);
 ден соолугу боюнча № 086 тактама;
 соттолбогондугу жөнүндө тактама;
 паспорттун көчүрмөсү.
 конверт

Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын www.jalal-abad.gos.kg веб-сайтына чыккан
күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.
Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30
га чейин кабыл алынат. Байланыш телефону 03722-5-58-02
Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, Муниципалдык мүлк башкармалыгы.

  Кароолор (77)