Аукциондор жана конкурстар

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

01.07.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине 

киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт

 

                Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

 

-биринчи этап-документтерди кароо;

-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;

-үчүнчү этап-аңгемелешүү.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Иш стажы:

1) административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:

– жалпысынан үч жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

– иш стажына талаптар коюлбайт;

 

Билими:

1) Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:           

-жогорку билими бар.

1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:               

-жогорку билими бар.

1) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:            

-жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар.

 

Жалпы мыйзамдарды билүү:

1) Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамы;
  3. КРнын Эмгек кодекси;
  4. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  5. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  6. “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  7. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  8. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  9. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  10. КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

2) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  6. КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдарды билүү:

  1. Чакан ишкерликти малкеттик колдоо жөнүндө мыйзамы (Жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн улук кызмат ордуна);
  2. Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө мыйзамы (Жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн улук кызмат ордуна);
  3. Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамы (Жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн улук кызмат ордуна);
  4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамы (Социалдык өнүгүү секторунун улук кызмат ордуна);
  5. Билим берүү жөнүндө мыйзамы (Социалдык өнүгүү секторунун улук кызмат ордуна);
  6. Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө мыйзамы (Социалдык өнүгүү секторунун улук кызмат ордуна);
  7. Ичүүчү суу жөнүндө мыйзамы (Курулуш, транспорт жана коммуникация секторунун улук кызмат ордуна).
  8.  Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодекси (Юрист адистигинин улук кызмат ордуна);

 

3)         Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  3. КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдарды билүү:

 

1. Кыргыз Республоикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (Юрист адистигинин кенже кызмат ордуна);

2. Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамы (Юрист адистигинин кенже кызмат ордуна);

3. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси (Социалдык өнүгүү секторунун кенже кызмат ордуна);

4. Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө мыйзамы (Социалдык өнүгүү секторунун кенже кызмат ордуна);

5. Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси (Социалдык өнүгүү секторунун кенже кызмат ордуна);

6. Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө мыйзамы (Жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн кенже кызмат ордуна);

7. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамы (Жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн кенже кызмат ордуна);

8. Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө мыйзамы (Жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн кенже кызмат ордуна);

9. Шаар куруу жана архитектура жөнүндө мыйзамы (Курулущ, транспорт жана коммуникация секторунун кенже кызмат ордуна);

10. Кыргыз Республикасынын жер кодекси (Курулуш, транспорт жана коммуникация секторунун кенже кызмат ордуна);

                             ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

  1. конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  2. кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)
  3. 4х6 өлчөмүндө 1 даана сүрөт;
  4. резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); 
  5. өмүр баяан (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  6. Билимин ырастаган документтердин түп нускасы;
  7. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  8. ден соолугу боюнча № 086 тактама;
  9. соттолбогондугу жөнүндө тактама;
  10. паспорттун көчүрмөсү.

 

 Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын https://www.jalal-abad.gov.kg/ веб-сайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.

 

 Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат. 

  Кароолор (78)