Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт
Жарыяланган датасы:
12.09.2024

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине
киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт
Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
-биринчи этап-документтерди кароо;
-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;
-үчүнчү этап-аңгемелешүү.
1) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
– иш стажына талаптар коюлбайт;
Билими:
1) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
-жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
1) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:
- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
- кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)
- 4х6 өлчөмүндө 1 даана сүрөт;
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
- өмүр баяан (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- ден соолугу боюнча № 086 тактама;
- соттолбогондугу жөнүндө тактама;
- паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын https://www.jalal-abad.gov.kg/ веб-сайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.
Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө 2024-жылдын -12-сентябрдан-августтан 25-сентябрга чейин кабыл алынат.
Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 1-кабат 5-кабинет (уюштуруу иштери жана персоналдык кызмат бөлүмү).