Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт.
Жарыяланган датасы:
20.02.2025

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт.
Кадрлар резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
-биринчи этап-документтерди кароо;
-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;
-үчүнчү этап-аңгемелешүү. К
ВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Иш стажы: 1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
– иш стажына талаптар коюлбайт.
Билими: 1) Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
-жогорку билими бар. 1) Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн: -жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар. Жалпы мыйзамдарды билүү:
1)Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
· КРдин Конституциясы;
№ 01-3/219, 18.02.2025 Кол койгон: Бөрүкулов Ж.М., 18.02.2025
· "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамы;
· "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин мыйзамы;
· Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРдин мыйзамы;
· "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРдин мыйзамы;
· "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын мыйзамы;
· КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
2) Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
· КРдин Конституциясы;
· "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРдин мыйзамы;
Кесиптик компетенттүүлүгү Билими:
1)Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн:
· КРдин "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;
· КРдин Жер Кодекси;
· "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин мыйзамы;
· КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
· КРдин “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы.
1)Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
· КРдин "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;
· КРдин Жер Кодекси;
· "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин мыйзамы;
· КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
· КРдин "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамы; № 01-3/219, 18.02.2025 Кол койгон: Бөрүкулов Ж.М., 18.02.2025
ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:
-конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
-кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок) -резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
-паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын www.jalal-abad.gov.kg вебсайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.
Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 гѳ чейин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын имаратында, документтик камсыздоо жана каттоо бөлүмүндө кабыл алынат.
Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев к.38., тел: (03722) 5-40-63.