Аукциондор жана конкурстар

Муниципалдык мүлк башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

22.10.2024

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт 

Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт: -

биринчи этап-документтерди кароо; -

экинчи этап-компьютердик тестирлөө; -

үчүнчү этап-аңгемелешүү. 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

 Иш стажы: 

1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; 

2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: – иш стажына талаптар коюлбайт; Билими: 1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: -жогорку билими бар. 1) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: -жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар. Жалпы мыйзамдарды билүү: 

1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар: *Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 

*Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы; 

“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы; 

 “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;

 КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 

2) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы; 

КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; Кесиптик компетенттүүлүгү 

1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: Турак жай жана коммерциялык эмес мүлктөр бөлүмүнүн бөлүм башчысы кызмат орунуна; -Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси; -Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы; 

-Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодекси; башкы адис-юрист кызмат орунуна; Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси:  Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодекси.  2)Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

 • Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси: Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодекси. 

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ: конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз; кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок) 4х6 өлчөмүндө 1 даана сүрөт; резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); ден соолугу боюнча № 086 тактама; соттолбогондугу жөнүндө тактама; паспорттун көчүрмөсү. 

Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын www.jalal-abad.gos.kg веб-сайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт. Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин кабыл алынат.

 Байланыш телефону 03722-5-58-02 Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, Муниципалдык мүлк башкармалыгы.

  Кароолор (79)